super.kg logo

Үлпөт тойго кокусунан окшош кийинип келген 6 айым достошуп кайтты

 

Сиднейдин жашоочусу Дебби Спиренца досторунун үлпөт тоюна келип, ал жакта дагы 5 айым дал өзүнүкүндөй болгон көйнөк кийип келгенине күбө болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

"Биз, эжем экөөбүз үлпөт тойго кирип келе жатып көйнөктөрүбүз окшош экенин байкап күлө баштадык. Андан соң дагы бир аял дал биздикиндей көйнөк кийип келди, анын артынан дагы бирөө келди. Чогулуп отуруп окшош көйнөк кийген аялдардын саны алтыга жетти", - дейт Дебби.

Эң кызыгы, окшош кийинип келген айымдар бири-бирин таанышчу эмес. Башында окшош көйнөктөрдү көрүп айымдардын маанайы чөккөнү менен аз убакыт өткөндөн кийин кырдаал өзгөргөн. Бирдей көйнөк кийгендер бул абалга кубанып, турмушка узап жаткан кыздын курбуларынын ордун ээлегенге даяр экендиктерин билдиришкен.

Бул атайын уюшулганбы деген суроолорго Спиренца: "Бул суроону мага көп берип жатышат. Бул жөн гана дал келүүчүлүк, мен алты айымдын ичинен бирөөнү гана тааныйм", - деп жооп узаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
20.09.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
ошол райондо акция болгонго анда
20.09.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аялдарды айта албайм, бирок эркектердин 70%ы окшош кийинип барат.Эми классикалык улгудо.
21.09.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: