super.kg logo
  Саясат  

2013-жылдын декабрь айында “Манас” үчилтигинин ЮНЕСКОнун тизмесине кириши же кирбей калышы белгилүү болот

 

2013-жылдын декабрь айында Азербайжанда ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйыны өтөт. Азербайжан тарап төрагалык кылган бул жыйында “Манас” эпосунун үчилтигинин тагдыры чечилет. Аталган өлкөгө иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков бир катар жолугушууларды өткөрдү.

 

Азербайжандын Маданият жана туризм министрлигинин жана аталган өлкөдөгү ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жетекчилери менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо, жалпы түрк элдерине таандык маданий мурастарды коргоо, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү тууралуу маселелер кеңири талкууга алынды.

 

ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин төрагасы катары Азербайжан тарап Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө толук даяр экендиктерин билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун айтымында, ал жыйынга карата атайын кол өнөрчүлөр менен сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп, манасчыларды айттырып, кыргыз өнөрпоздорунун ыр-күүлөрүн тартуулоо маселелери каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: