super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Сени сыйлап, сен үчүн кыйынчылыктарга чыдап, күрөшүп келе жатканымды баала, бил, баркта..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Буулугуп турам..." деген тема талкууга алынууда. Темада автор үй-бүлөсүндөгү абал тууралуу айтып, жан дүйнө жаңырыгы, таарынычы, аны капаланткан жүрөк сыры менен бөлүшкөн:

"Сени менен бул жолго аттанганда башымда эмнелер бар эле, так эсимде жок. Бирок бир билгеним сени ушунчалык катуу сүйгөм. Ооруңа, байлыгыңа, жашыңа да караган эмесмин. "Негизгиси бири-бирибизди сүйөбүз ошол жетиштүү" дечүмүн. Азыр да сүйөм, сыйлайм, урматтайм. Бирок ачууга алдырып, сөгүп, кагып-силккениң көңүлүмдү ушунчалык оорутат. Билем, ачууң басылса келип кечирим сурап, өпкүлөп, көңүлүмдү көтөрүп коёсуң, анан эч нерсе болбогондой жүрө беребиз. Бирок мен унута албай, ичимден кыйнала берем. Айткан сөздөрүңдү эстей берем, сага капалана берем. Бүгүн "баары бир кайра жагалданып келесиң, андан көрө азыр өзүңдү бас" дедим. Ооба, аны айтпашым керек эле. Бирок ошого жеткирдиң. Намысыңа тийдим окшойт, кайра жинденип, өкүрүп-бакырган бойдон "жагалданып", кечирим сурап келбедиң. Билип турам, азыр бир аз кыйналып турган убагыбыз. Баарын түшүнгөнгө аракет кылып, ооруңду жеңилдеткенге, кайгыңды бөлүшүп, оюңду колдогонго бар күчүм менен аракет кылып жатам. Сен да мени түшүнчү. Кыйналып кеттим. Балалуу болгум келет. Сен айтпаганың менен балалуу болушубузду менден да чыдамсыздык менен күтүп жатасың, билип турам. Бирок кеп мында деле эмес, бир күнү Кудайым берет. Эки жарым жыл күткөм, күтө берем, сен эле мага болгон мамилеңди өзгөртүп жибербесең. Коркконум, убакыт өткөн сайын өзгөрүп жатпайбы...

Ыйлаганымды жек көрөсүң. Бир да жолу келип сооротуп, көз жашымды арчыбадың. Ыйлаган учурумда жаныңда болбошумду каалайсың. Же чыгып кетесиң, же чыгып кетүүмдү суранасың. Мунуңа да капамын. Аялзаты ыйлайт экенбиз. Анымды өзгөртө албайм, кечир. Ыйласам жеңилдейм, сага болгон кегим кетет, ата-энемди сагынгандагы бугумду чыгарам. Бүгүн ушунчалык буулугуп турам, сени менен бөлүшө албайм. Сенин дүйнөң башкачадай. Айтып да көргөм. "Койчу, кайдагыны айтпай" деп эле, колуңду шилтеп басып кетесиң. Мен күткөн, мен билип, мен бирге турмуш жолуна аттанган адам башка болсо керек эле. Же сенин чыныгы жүзүңдү эми билип жатам, же мен куру кыялдар менен сени идеалдуу кылып алган окшойм. Кантсе да сени сыйлайм. Сүйүү тууралуу кеп козгой албайм. Өзүң айткандай сүйүү болбогон нерсе экен. Жөн гана көнүп калуу жана сый урмат. Макул ушунуңа да ыраазымын. Болгону көңүлүмдү көп оорутпачы. Чыдайм, билесиң чыдамдуумун. Болгону сыйлап, сен үчүн, келечегибиз үчүн, жыртык бут кийим кийсем да чыдап, күрөшүп келе жатканымды баала, бил, баркта".

Ой-пикирлериңиз менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
20.09.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турмуш деп койот муну. Сабыр серсин силерге
20.09.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айтыш керек:мени эркелетип суйбой да кой,анан урушуп да мээмди жебе деп.Кулак-мээ тынч.
Суйсо,милдет кылбай суйсун.Катуу уруш,жаман создорду айта турган болсо,жылуу соз да айтпасын.
Ошондо жакшы-жаманы жок,сый болуп журо бересинер.
Байкайм,коп эркелетпеген адам,башты да коп оорутпайт.Ошондой болгон жакшыраак
Аялзатынын конулу бир калса,онойу мн жанданбайт.Бул чындык
20.09.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кагып силккени конулу оорутат да чын эле.
20.09.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабыр кыла албагандар милдет кыла алышпайт.
20.09.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буйруса балалуу болосунар, биздин кошунабыз 15 жыл кутушкон бири бирин суйгон учун кол узушкон эмес чыдашкан, Аллах Таала суйкумдуу капкарашка кыз белек кылды. Турмушту которуш керек.
Атам апам неберелуу болуп калышса деле, апам кееде атамды жинди деп коет, атам болсо ошол жиндилигимден сени алып алганыма суйунсон деп кулуп коет. Баары алдыда эки жыл деген бул турмушунардын таза барагынын биринчиси дагы эмес. Сабыр Жана сабыр.
20.09.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул менин жашоом го бардык жери окшош так ушундай.
20.09.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыртык бут кийим кийгенибизге чейин окшош экенбиз,бирок меники жагалданып ооп жытташты да ббейт, Аллага шугур чырактай балдарыбыз бар бирок итке окшоп тууп салдын дегеничи((((
21.09.2017. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lady_91,тообо ошентип да суйлойбу башка нерсе айтпайбы
20.09.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тооба
21.09.2017. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баари бир жашоодо коп нерсе эркектен зависит этетошон учун эркекги кообурок суйуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: