super.kg logo

Күз-кыш айларына дизайнерлер сунуштаган сумкалардын 10 түрү

 

Дүйнө жүзүндө мода жумалыктары аяктап күз-кыш айларынын жаңы тенденциялары аныкталды. Эгерде сиз кандай сумка тандаарыңызды билбей жатсаңыз, мода боло турган сумкалардын тизмесине көңүл буруңуз.

Колго жасалгаланган сумкалар

Колго сайылган сайма же ар кандай мончоктор менен кооздолгон сумкалар адамдын көз карашын, табитин билдире алат. Дал ушундай өзгөчөлүккө ээ сумкаларды дизайнерлер быйыл күз айларына сунуштайт.

Шайкелең сумкалар

Өзгөчө формага ээ, креативдүүлүк менен иштелип чыккан сумкаларды "Баленсиага", "Шанель" жана "Москино" сунуштайт.

Чоң көлөмдөгү сумкалар

Ачык өңдүү жана чоң көлөмдөгү сумкалар менен өзүңүздү сынап көрүүгө убакыт келип жетти. Табитиңизге жараша сумкаларды тандап алганга мүмкүнчүлүктөр толтура. Анын ичинен чоң баштык көтөрүп алсаңыз эми уялбаңыз, тескерисинче, чоң көлөмдөгү сумкалар эми модада.

Эски менен жаңынын айкалышуусу

Эски жана жаңы стилди бир сумкада айкалыштырып, аны фирмалык монограмма менен кооздоп, мындай өзгөчө сумкалар бул жылдын тренди деп белгилешкен дизайнерлер.

Жумшак сумкалар

Үлпүлдөгөн жумшак сумкаларды айымдарга бул ирет "Миу Миу", "Баленсиага" жана "Дрис Ван Нотен" мода үйлөрү сунушташты. Буга чейин деле аялдардын колунда болуп келген жумшак сумкалар бул жылы да модада.

Багет-сумкалар

Узун жана кууш сумкалар көңүл бура турган дагы бир тенденция. Эгерде кечеге мыкты клатч көтөрүп баргыңыз келсе, эми алардын ордун багет-сумкалар ээлей алат. Болгону кийим менен айкалыштыруу маселесине көбүрөөк көңүл буруу зарыл.

Кышкы сумкалар

Колго токулган же кашемир кездемесинен тигилген сумкалар кыштын ызгаардуу суугунда сиздин буюмдарыңызды салганга гана жарабастан колуңузду да жылуу алып жүргөнгө ыңгайлуу.

Металлик сумкалар

"Шанель" мода үйү сунуштаган сумкалар кечеге көтөрүп барганга да, күнүмдүккө көтөргөнгө да ылайыкташкан.

Көп кырдуу сумкалар

Мыкты сырткы көрүнүшкө ээ, көп кырдуу сумкаларды бул сезондо "Фенди", "Гуччи" жана "Версаче" сунушташты.

Рюкзактар

Өзүнүн актуалдуулугун эч качан жоготпогон рюкзактар бул сезондо сайма жана ар кандай аксессуарлар менен кооздолот. Ошондой эле ачык түскө ээ болгон рюкзактар сиздин образыңызга көрк кошот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
21.09.2017. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жагабербеди
21.09.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обу жоктор которушот мындайларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: