super.kg logo

Бишкекте "Сүйүү тактасына" айланган эстеликтер. Кыргызда вандализмге баргандар канча жылга чейин эркинен ажыратылышат? (фото)

 
Бишкектеги тарых музейи менен Ак үйдүн ортосундагы парктагы кызыл таш.
Революциянын каармандарына арналып тургузулган эстелик.
Революциянын каармандарына арналып тургузулган эстелик.
Революциянын каармандарына арналып тургузулган эстелик.

АКШнын Вашингтон шаарында Кыргыз жараны вандализмге (көркоолук) шектелип кармалганын New York Daily News басылмасы жазып чыкты. Маалыматта "21 жаштагы студент Нуртилек Бакиров 18-сентябрда кармалган. Ал Авраам Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазганы үчүн айыпталууда" деп жазылат.

Жергиликтүү полициянын маалыматында, эгер Кыргыз жараны күнөөлүү деп табылса 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы же 25 миң долларга чейин айып пул төлөшү мүмкүн.

Бул кабар коомчулук арасында талкууга алынып, студенттин кылыгын сындагандар көп болууда. Айрым интернет колдонуучулар "Да-а, Кыргыз өлкөсү деп ойлоду да. Бизде баарын ар жерге жаза беребиз" дешсе, айрымдары "Бала кезде тоодо жүргөндө атыбызды таштарга кырып жазчу элек. Ошондой ойлоду да" деп жазышууда.

Чынында эле Бишкектеги айрым эстеликтердин жанына барып калсак, андагы ар кандай жазууларга көзүбүз түшөт. Жакшылап караган кишиге эстелик "сүйүү тактасына" айланып калгандай элес калтырат. Бирок АКШдагыдай жазуу үчүн кармалып, жазага тартылгандар жөнүндө уга элекпиз.

Бишкек шаарынын "Тазалык" кызматынын өндүрүү секторунун башчысы Гүлзат Кадыралиеванын айтымында, алардын карамагындагы 50дөй эстелик жылына эки жолу жуулуп турат.

"Биздин кызматка Бишкектеги 50дөй эстелик карайт. Алардын жарымынан көбү Биринчи Май районунда жайгашкан. Кызматкерлер эстеликтерди жылына эки жолу жууп турушат. Кээде мамлекеттик маанидеги майрамдарды утурлай да жуулат. Тургундардын арасында эстеликтерге ар кандай боёк, кеңсе каражаттары менен жазып кеткендер бар. Андай учурларда бир эстеликти жууп-тазалоо беш саатка чейин созулат. Шаар тургундарын эстеликтерге, маданий жайларга аяр мамиле жасоого чакырат элем", - дейт Кадыралиева.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эстеликке жазгандар Кылмыш-жаза кодексинин 235-беренеси (вандализм) боюнча жазага тартылышат.

"Имараттарга же башка курулуш жайларга коомдук адеп-ахлакка одоно шек келтирген уят сөздөрдү жазуу, коомдук транспорттогу же башка коомдук жайлардагы мүлктү бүлүндүргөндөргө эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүз элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же жүз сексен сааттан эки жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартылат. Же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө камакка алынат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле ички иштер министрлигинен эстеликтеги жазуулар боюнча арыз менен кайрылгандар дээрлик жокко эсе экенин билдиришти.

Айта кетсек, Бишкекте 379 тарыхый жана маданий эстелик бар. Тарыхый маанидеги эстеликтердин саны - 251. Мамлекеттик маанидеги эстеликтердин саны - 128.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
20.09.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаза турган жер таппай , ушул жерге жазганы маданиятсыздык .
20.09.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Tansuluu09,Эми билдинби маданиятсыз экенибизди?30 жылдан кийин жетет маданиятуулук,бирок баарына эмес кобу маданиятуу !!!
20.09.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aminali, "эми билдинби" дейсизго, озунузго албаныз ал созду. Ошол эстелике жазган адамдарды айттым. Кечээ куну Бишкектеги коз айнекти сындырып кеткен адамдарды, Бишкек шаарынын коркомдугу учун эгилген гулдорду туну мн сындырып , терип кеткен адамдарды айткым келди "маданиятсыз" деп. Акылы болсо , мээси иштесе ошону жазбайт, сындырбайт болчу....
20.09.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунча чон Бишкекте жаза турган башка жер жокпу?
tima01 түзөттү 2017-09-20 20:53:37
20.09.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аделный доска чыгарып койуш керекго дейм тынбай жазаберсин
20.09.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушинтип жазгандардын бир,экоосун кармап катуураак жазалап коюшса жакшы болмок.Экинчи антип жазбай калат башка жазгычтарга да сабак болот.
20.09.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде закон жок, болсо да ал иштебейт балык башынан деб бекеинен айтылганэмес да
20.09.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай жазууларды коруп бул жакта туруп мен уялам,чет олколуктор корсо эмне деп ойлошот.Эли маданиятсыз деп айтып барышат да.
Жазгычтар,кочого чыкканда жанынарга кагаз,ручка ала жургулочу айланайындар.Аябай жазгынар келип чыдабай баратсанар ошол кагазга жазып аласынар.Эстеликтерди булгап,коркун бузбагыла.
Башкалардын эмгегин да баалай билели мекендештер.
Jarookerjan түзөттү 2017-09-20 21:35:45
21.09.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жаран АКШда да эстеликке кол тамгасын калтырып таанылып жатат маданиятты чет олкодо жургон сон уйронгон эмес го...кайран Нуртилек..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: