super.kg logo

Берлинде 14 миң евро салынган баштыкты таап алган 16 жаштагы качкын кыз аны ээсине кайтарып берди

 

Берлиндеги метролордун биринде улгайган айымдын баштыгы жоголуп, полиция кызматкерлери издөө сала башташкан.

Чет элдик маалымат булактары жазгандай, окуя өткөн жумада орун алып, анын ичинде 14 миң евро болгон.

Бактыга жараша, сумканы 16 жаштагы Ирактан келген качкын кыз таап алып, ээсине кайтарып берген. Баштыкты таап алган кыз аны алгач апасына көтөрүп барган. Арадан 2 күн өткөн соң алар жергиликтүү полиция кызматкерлерине өздөрү барып, баштыкты тапшырышкан.

"Баштыкты дароо өз ээсине кайтарып бердик. Ал айым абдан кубанды. Учурдан пайдаланып, аны тапшырып бергендерге ыраазычылык билдиребиз", - деген полиция кызматкерлери.

Германиянын мыйзамы боюнча, жоготкон буюмду кайтарып бергендерге сүйүнчү иретинде табылган буюмдун 3 пайызы берилсе, буюм коомдук унаадан табылган болсо 1,5 пайызы бөлүнөт.

Бул жолу 14 миң евро катылган баштыкты кайтарып берген үй-бүлөгө болжол менен 210 евро бөлүнүшү керектиги айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.09.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Ирактык болсо,мусулман кыз экен.Ыйманы кучтуу.Аллах Ыраазы Болсун!!!!Ар бир эле адам мынча акчага туруштук бере албайт.Баа бердим.Азамат кыз экен.
21.09.2017. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай адамдар коп болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: