super.kg logo

Назаркул Ишекеев: "2019-жылдан баштап бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тили боюнча сынак тапшыра баштайт"

 

23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган. Быйыл мыйзамдын кабыл алынышына 28 жылдын жүзү болду. Буга карата SUPER.KG порталына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев мыйзамда аткарылбай жаткан жоболорду айтып берди.

Ал министрликтерде иш кагаздардын 15-20 пайызы гана мамлекеттик тилде жүргүзүлгөнү өкүнүчтүү экенин билдирди.

“Мамлекеттик тил маселесинин көйгөйлөрү жок эмес. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы биздин өлкөгө чоң таасир этти. Анда эң көрүнүктүү беренелеринде Кыргыз Республикасында иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча ачык жазылган. Республикада иш кагаздарды мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча көп аракеттер көрүлүп ишке ашып жатат. Бирок айрым мекемелерде илгерилеп жатса, кээ биринде өксүүдө. Мен ачык айтып кетейин, тил боюнча комиссия 3 ай бою 12 министрликте мамлекеттик тилде иш кагаздардын жүрүшү боюнча мониторинг жасап чыктык. Министрликтерде иш кагаздар мамлекеттик тилде 15-20 пайызда гана жүргүзүлөт экен. Бул өкүнүчтүү нерсе. Ошондуктан мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, "Кыргызтест" системи киргизилүүдө. Анын негизинде 2018-жылдын 2-этабынан 2019-жылдан баштап бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер сынак тапшыра баштайт”, - дейт Ишекеев.

Ал жогорку кызматтагы адамдар мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруу жобосунда бирөөсү гана иштеп жатканын айтты.

“Мыйзамда президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку Соттун төрагасы жана Конституциялык палатанын төрагасы мамлекеттик тилде сынак бериши керектиги жазылган. Ушул мыйзамдагы жобонун бирөөсү гана иштеп, президент гана сынак тапшырат. Бирок жогоруда айтылгандай мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы сынак тапшырып мыйзамдын жобосу аткарылып баштайт”.

Комиссиянын төрагасы бул жобо мурда эмнеге ишке ашпай келгенин түшүндүрдү.

“Тил саясаты абдан кылдат мамиле кыла турган аярлуу чөйрө. Биз Совет доорунда 70 жылдан ашык ошол салтты кармап келдик. Жаштарыбыздын көбү мамлекеттик кызматта иштегендердин бир кыйласы орус тилдүү мектептерди бүтүрүшкөн. Орусча билим алган. Аларды биз акырындык менен өткөрүшүбүз керек. Бул жерде эч кандай күч колдонуу болбойт. Процесс акырындык менен кетип бара жатат. Биз ушундай саясатты ишке ашырганга милдеттүүбүз, анткени өлкөнүн ар бир кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Бул демократиялык баалуулук”.

Ал жогорку окуу жайлардын басымдуу бөлүгүндө сабак орус тилинде өткөрүлүп жатканына токтолду.

“Республикада жалпы билим берүүчү мектептердин 80 пайызга чукулу бул кыргыз тилиндеги мектептер. Мектепти бүтүп келгендер Бишкек шаарында башталгыч кесиптик окуу жайларына, орто кесиптик окуу жайларына жана жогорку окуу жайларына өтүп жатышат. Бирок окуу жайлардын басымдуу бөлүгүндө сабактар орус тилинде болууда. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги жана Мамлекеттик тил комиссиясы биргеликте көпчүлүк окуу жайларын акырындык менен мамлекеттик тилге которуп жатат. Аталган министрлик окуу куралдарын кыргыз тилине которууда”, - деди Ишекеев.

Анын айтымында, көрнөк-жарнактар тууралуу мыйзам да ишке ашпай келет.

“Бишкек шаары биздин мамлекеттин жүзү, бирок көрнөк-жарнактар биз ойлогондой болбой жатат. Бул мыйзам боюнча жарнактарда жазуулар адегенде мамлекеттик тилде жазылышы керек. Андан кийин орус тилинде жазылсын. Мыйзамда мамлекеттик тилдеги жазуу чоңураак жазылышы керек. Бүгүнкү күндө бизде башка чет жарнактар пайда болуп баштады. Бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясы, акимчиликтер көзөмөлгө алышы керек. Биз болгону тил саясатын жүргүзөбүз”.

Ишекеев көрнөк-жарнак боюнча мыйзамды бузгандарга айып пулдун баасын көтөрүү керек экенин белгиледи.

“Көрнөк-жарнак боюнча мыйзам бузулса, монополияга каршы агенттик айып пул салат. Бирок айып пулдун көлөмү өтө эле аз: 1000 сомдун тегереги. Ошондуктан көрнөк-жайнак боюнча мыйзамына, айып пулду көбөйтүү боюнча өзгөртүү киргизүү зарыл. Бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясы өзүнүн жобосун иштеп жатат. Буга комиссиянын дагы кызматкерлери катышууда. Шаардык кеңештен бекип калса чарбалык маселелер иретке түшөт”, - деп түшүндүрдү Тил комиссиясынын төрагасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
21.09.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
а тузуксунор, кылгыла эми айтканынарды. Соз жїзїндє калтырып койбой
21.09.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун.Эки колдоп колдоо корсоттуубуз керек.
21.09.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эми сынак тапшырса канчасы ыргыйт же акча берет
21.09.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы кабар.Ушул нерселерди ишке ашырсанар сонун болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: