super.kg logo
  Саясат  

Казакстан кыргыз тараптын Бабанов менен Назарбаевдин жолугушуусу боюнча нааразычылык нотасына жооп берди

 

Бүгүн, 20-сентябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын нааразычылык нотасына жооп берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, казак тараптын нотасынын текстинде төмөнкү текст жазылат.

"Казак тарап 19-сентябрда Алматы шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргыздын президенти кызматына талапкерлердин бири менен жолугушуусуна кыргыз тараптын реакциясына таң калууда.

Мамлекет башчынын башка өлкөлөрдүн саясий ишмерлери жана саясий партиялардын жетекчилери менен алардын суранычы боюнча жолугушуулары дайыма болуп турат жана эл аралык практикага жооп берет. Мындай иш-чаралар массалык маалымат каражаттарында ачык кенен чагылдырылат.

Мисалы, 14-августта Астана шаарында мамлекет башчы башка президенттикке талапкер экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.

Мындан тышкары Назарбаевдин сөздөрүн кыргыз тараптын туура эмес түшүнгөнү таң калтырууда. Казакстандын президенти кайсы бир талапкерге колдоо көрсөткөн жок. Мындан улам кыргыз тараптын божомолдорун четке кагабыз", - деп жазылат нотанын текстинде.

Айта кетсек, бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу боюнча казак тарапка нааразычылык нотасын жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 17 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: