Жабык имараттагы Азия оюндары: Жөө күлүк Арина Клещукова экинчи коло медалын жеңип алды
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз жөө күлүгү Арина Клещукова экинчи коло медалын жеңип, Кыргыз өлкөсүнүн медалдар капчыгын толуктады.
Жарыш 800 метр аралыкта болуп Арина 2:14.10 убактысы ичинде марага жетип коло медалды тагынган.
Белгилүү болгондой, Арина Клещукова мындан эки күн мурун, 19-сентябрда өткөн 1500 метр аралыктагы жарышка чыгып 4:34.16 убактысын көрсөтүп коло медалга татыган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.