Жогорку Кеңеш бүгүн чек ара маселесин талкуулоо үчүн ар кандай маселелерди карабай турган болду
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңеште Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун карайт. Мындан улам депутат Нурланбек Макеев бүгүн бейшемби күнү күн тартибиндеги ар кандай маселелерди кароону башка күнгө калтырууну суранды.
"Биз бүгүн чек ара маселесин кечке чейин карап жетишип калышыбыз керек. Ошондуктан күн тартибиндеги ар кандай маселелерди алып коюуңузду суранам", - деди депутат.
Нурлан Макеевдин сунушун депутаттар колдошту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.