БШК Бабановдон Жээнбеков менен Бороновдун сүрөтү пайдаланылган баннерди алып салууну сунуш кылды



Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдон дагы бир президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чагылдырылган сүрөт жайгаштырылган баннерди алып салууну сунуш кылды. Тиешелүү чечим БШКнын 20-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.
БШКнын отурумунда президенттикке талапкер Бабановдун үгүт баннеринде дагы бир президенттикке талапкер Жээнбековдун жана өзгөчө кырдаалдар министри Бороновдун сүрөттөрү пайдаланылганы айтылган. Жээнбековдун өкүлү Бабанов жогорудагы сүрөттү жайгаштырууда алар тараптан уруксат суралбаганын айтты. БШК бул боюнча маселени карап чыгып, талапкер Бабановго эскертүү кылды. Мындай чечимге 8 мүчө "макул" деп, калган төрт мүчөсү бул маселеге "каршы" добуш берди.


Ал эми дин кызматкери/аалымы менен жогорку мамлекеттик кызматкер - вице-премьер-министр угут кампаниясына тарылганы учун эки адамды кылмыш жообуна тартып, БШК Сооронбай Жээнбековду шайлоодон четиетип, талапкерлик укугунан ажыратуу керек жана аны биз, Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамга таянып талап кылабыз!!!!!
Кимге добуш беришин чечилди деп кулакка "лапша" илип жатышат, ишенбегиле, алданбагыла!!!