Ноокат шаарында жергиликтүү кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоо болуп өттү
26-майда Ош облусунун Ноокат шаарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо болуп өттү. Ноокат шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Абдырахман Гапаровдун айтымында, шайлоонун жыйынтыгы менен КСДП партиясы 9 мандат, “Республика” партиясы 5, “Замандаш-Современник” 4, “Ата Мекен” партиясы 3 мандат алды. “Шайлоо таза өттү, эч кандай мыйзам бузуу катталган жок”,- деди Гапаров. Эскерте кетсек, Ноокат шаардык кеңеши эки жолу мэр шайлай албай калып, андан соң таратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

