super.kg logo

Экотехинспекция: "Токтогул районунун Кара-Көл шаардык жол тейлөө башкармалыгы мыйзамсыз көпүрө курууда"

 

Транспорт жана жолдор министрлигинин Токтогул районундагы Кара-Көл шаардык №30-жол тейлөө башкармалыгы мыйзамсыз көпүрө курууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматына ылайык, Токтогул районунун Ничке-Сай айыл аймагында эки көпүрө мыйзамсыз курулууда. Курулуп жаткан көпүрөнү Кара-Көл шаардык №30-жол тейлөө башкармалыгы көзөмөлгө алган. Буюртма Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан берилген. Текшерүү иштери жүргүзүлгөн учурда тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Атайын уруксат кагаздары алынган эмес.

"Курулушка жооптуулар Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлерин текшерүү учурунда курулуш жүрүп жаткан аймактан кубалап чыккан. Сапатсыз көпүрөлөр ар кандай кырдаалдарда, суу көтөрүлгөн учурларда жана кыян, сел жүргөн учурларда туруштук бере албай кыйроого учурашы толук мүмкүн. Ошондуктан курулуш иштер пайдаланууга берилгенге чейин инспекторлордун көзөмөлүндө болууга тийиш", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.09.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул айылга барып журчу элем Асылай деген кыз менен суйлошкон мезгилде
21.09.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aza84сен озун кайсы айылдансын
21.09.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өздөрү кура албайт курса көрө албайт куруп жатабы уруксат бер нары. силерди уруксат берет экен деп карапайым калк нары бери каттабай олтурсунбу
21.09.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча алалбай калса керек да, дагы жакшы айыл эли ташбаранга албаптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: