super.kg logo

Депутат: "Зилалиевдин Баткенде үгүт ишин жүргүзгөнүн Коопсуздук кеңеши, Башкы прокуратура карап чыгышы керек"

 

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештеги жалпы жыйында оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев үгүт иштеринде административдик ресуртар колдонулуп жатканына нааразычылыгын билдирди.

"Бүгүнкү күндө мектептерде, мамлекеттик муниципалдык кызматтарда үгүт иштери жүрүп жатат. Паспортторду алып коюу, паспортторду сатып алуу болуп жатат. Өзгөн шаарында окуу процесси үзгүлтүккө учурады. 2000 столду мектептерден сууруп кетип, окуучуларды тургузуп койду. ММКларда, интернеттеги социалдык тармакта кайсы аким, кайсы айыл өкмөт кандай үгүт жүргүзгөнү чыгып жатат. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугуп жатып үгүт ишин жүргүздү. Бул боюнча Коопсуздук кеңеши, Башкы прокуратура карап чыгышы керек. Бул туура эмес. Ошондой эле көрүнүш Алай районунда болду. Саат үчтөн баштап бардык мектептер жана мамлекеттик мекемелер үгүт ишине тартылды. Бул тарыхта кала турган шайлоо болот. Таза шайлоо өткөрөлү", - деди Жээнчороев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
21.09.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура айтыптыр. Кечее Өзгөндө жолугушуу болду бийликтин кандидаты менен. Мектептин стулдары портерлер менен аябай ташылды. Мэриянын стулдары дагы
21.09.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7, провокация жарата турган билдирүүлөрду калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: