Кемин районунда мас айдоочунун айынан 1 адам каза болуп, 3 жүргүнчү жаракат алды
25-майда Чүй облусунун Кемин районунда, тактап айтканда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 96-чакырымында жол кырсыгы болуп 1 адам каза болду. Субару Легаси унаасынын 22 жаштагы Т.Эшим аттуу мас айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып аңтарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 22 жаштагы Калыбек Ж. денесинен оор жаракат алып, окуя болгон жерден эле көз жумду. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Мирулан Н. менен Замир Ж. денесинен оор жаракат алып, айдоочу менен бирге аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.