super.kg logo
  Саясат  

Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургундары айыл өкмөт башчысын шайлоо кечигип жатканына нааразы

 

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кечиктирилип жатат,- деген жергиликтүү тургундар айылдык кеңештин депутаттарына кайрылышууда. Айыл тургундарынын айтымында, жыл башынан бери шайлоо күнү дайындалып, бирок ар кандай себептер менен белгисиз мөөнөткө жылдырылып келет. "Ушул мезгилге чейин кеминде 3-4 айыл өкмөтү алмашты, азыр Максат Дунканаев аттуу адам убактылуу айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштөөдө. Ал деле толук кандуу шайланбаган соң ишке толугу менен кирише албай жатат. Азыр айылда жумуш көп, таза суу, жазгы айдап-себүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, бардык иштерден артта калуудабыз",- дешет жергиликтүү тургундар. БШКнын Жумгал району боюнча өкүлү Каныбек Насыбалы уулунун айтымында, шайлоо мурдагы айылдык кеңештин депутаты Нурбүбү Нусубалиеванын мандатына байланыштуу кечиктирилип жатат. Айтымында, Н.Нусубалиева айыл өкмөттүн милдетин аткаруучу болуп дайындалганда айылдык кеңештин токтому менен аймактык шайлоо комиссиясы анын мандатын алган. "Бирок Н.Нусубалиева "мандатым мыйзамсыз кайтарылып алынган" деп сотко кайрылган. Учурда соттун чечими чыга элек",- дейт Насыбалы уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: