super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекенчи" депутат бийликке: "Силер депутаттарды түрмөгө отургузуп, түрмөдө отурган төбөлдөрдү саясатка алып келдиңер"

 

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Ата Мекен" оппозициялык фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, шайлоо алдында мыйзам талаасынан чыкпоого чакырды.

"Урматтуу кесиптештер, мындан да ыйык, мындан да бийик маселе Кыргыз өлкөсүнүн келечеги. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, айткылачы, кайда баратабыз? Силердин сотто ишенген өкүлүңөр шылуундар Маевский менен Модин. Силердин инвесторлор шылуундар "Liglass", эми силердин саясатта ишенгениңер крим төбөлдөр. Силер кыргыз элине ишенбей, бул жерде отурган депутаттарды түрмөгө отургузуп, түрмөдө отурган төбөлдөрдү саясатка алып келдиңер, кыргыз эли ушуну кечиреби? Мынчалык молдокелер саясатка аралашкан эмес, азыр силер ар бир мечитти филиал, штаб кылып алдыңар. От менен ойнобогула! Бүгүн криминал силерге добуш алып берсе, эртең алардын бутун тазалайсыңар. Административдик ресурс колдонулат же колдонулбайт деген бул жомок. Бирок ошону чегинен ашырбагыла", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 17 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: