Доминикана өлкөсүндө "Мария" бороону кеминде 15 кишинин өмүрүн алды



Доминикана өлкөсүндө "Мария" бороону кеминде 15 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу британиялык "Sky News" телеканалы жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Доминикана өлкөсүнүн премьер-министри Рузвельт Скеррит "Мария" бороону кеминде 15 адамдын өмүрүн алганын жана дагы 20 адам дайынсыз экенин айткан. Ошондой эле ал Фейсбуктагы баракчасына бороон резиденциянын чатырын да учуруп кеткенин жазган. Бороондун кесепетинен өлкөнүн түндүгүндө мобилдик байланыш жана электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Андан сырткары бир катар турак үйлөр кыйраган.
Азыркы учурда Доминикана өлкөсүндө аба ырайы турукташууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.