super.kg logo
  Саясат  

Бабанов менен Төрөбаевдин парламенттик фракциялары Кыргыз-Өзбек чек арасы тууралуу келишим боюнча чечим кабыл алыша элек

 

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык фракциялары Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоору боюнча чечим кабыл алыша элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциялардан билдиришти.

"Республика-Ата Журттан" маалымдашкандай, бул маселе буга чейин фракцияда талкууланган эмес. "Жакын арада фракциянын жыйыны өтүп, бул долбоорду карайбыз", - деди депутат Мирлан Жээнчороев.

"Өнүгүү-Прогресс" да аталган мыйзам долбоору боюнча жакынкы күндөрү чечим кабыл алууну пландап жатканы белгилүү болду.

Ал эми калган 4 фракция КСДП, "Кыргызстан", "Бир Бол" жана оппозициялык "Ата Мекен" Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоору боюнча чечим чыгарганы белгилүү болду.

"Ата Мекендин" аталган долбоордун 3 окууда кароосуна макулдук бергенин, бирок аны колдоо жөнүндө чечимди кабыл албаганын фракция лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, 1-окууда жактырылган. Жыйын жабык эшик артында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: