super.kg logo

Таза шайлоого чакырган активисттер Бишкектеги университеттерди кыдырышты, бирок ректорлор менен жолуга алышкан жок (фото)

 

Бүгүн, 22-сентябрда активисттер жаштарды таза шайлоого чакырган жүрүш өткөрүштү. Алар Бишкектеги жогорку окуу жайларды кыдырышты.

Уюштуруучулар иш-чаранын максаты үгүт иштеринде административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюу экенин айтышты. "Биз, жаштар, студенттер, активисттер Бишкектеги ЖОЖдордун жетекчилерине кайрылуу жолдойбуз. Анда студенттерди окуу жайлардын жетекчилерин таза шайлоого чакырабыз. Анда административдик ресурсту колдонбоо жана активисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө шарт түзүп берүү өтүнүчү бар", - деди уюштуруучулардын бири Ренат Самудинов.

Алгач жүрүш Бишкек гуманитардык университетинен башталды. БГУнун проректору Учкун Байсубанов жаштардын кайрылуусун алып, жакынкы күндөрдө окуу жай тарабынан жооп берилерин айтты. "Азыр ректор жок. Ал келгенден кийин сиздердин кайрылууңуздарды карап чыгып жооп беребиз. Азыр окуу процесси жүрүп жатат", - деди Байсубанов.

Андан соң активисттер Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине жөнөштү, бирок ал жерде ректор менен жолуга алышпады. Аларга проректор Алтымыш Бекбоев чыгып: "Биздин окуу жайда студенттердин арасында үгүт иштерин жүргүзүү болгон жок. Эгер студенттер менен сүйлөшүүнү кааласаңыздар, алардын баары ушул жерде, окуудан тышкары убакта сүйлөшсөңөр болот. Азыр кайрылууңуздарды калтырып кетиңиздер, биз сөзсүз жооп беребиз", - деп жүрүштүн катышуучуларына кайрылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
22.09.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ректорлор оттоп кетишсе керек да жайылып.....
22.09.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
бизде ошто домком, кварталныйлар нагло эле Жээнбековду шайлабасаңар иштен айдаласыңар, суу мусорго 7-8адам деп жазып коём деп үгүт иштерин жүргүзүп атат
22.09.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Liliia, ошолорду жашыруун видеого тартып интернетке жуктой бергиле!!! Шайлоодо болсо оз журогунор айткан адамга добуш бергиле! Домком болобу, башкасы болобу колунан эч нерсе келбейт... Чектен чыкса топтолуп иштен алып коесунар домкомду!!!
22.09.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Окуу жай жетекчилери Кудайды карап калп айтып журушсо боло?!!
22.09.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Биздин келечектеги президент. А.К.Мадумаров.
22.09.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Менин тушумдогу президент деп койбопсун
22.09.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Досум өзгөндө милиция болуп иштейт,аларды да Жээнбековду шайлагыла деп жатыптыр
22.09.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен казактардын кафесинде иштейм ал дагы бугун паспортторду бергиле деп журот Жээнбековду шайлайт имишпиз
22.09.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Урматтуу эл-журт, студенттер, мугалим, врач ж.б.

Бийлик силерди айласы кетип алдоого, коркутууга отту!!! Силердин паспорт копиянарды алса, андан эч нерсе озгорбойт. Бул болгону силерди коркутуу, кондуруу максатында жасалып жатат... Жээнбековду шайлабасанар жумуштан кетесинер, окуудан айдаласынар деп калп эле опузалап жатышат. Эгер шайлоодон кийин кайсы бир жетекчи силерди шайлоодо Жээнбековду колдобогонунар учун иштен алганы билинсе, оздору креслосунан "учат". Алданбагыла!
22.09.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер бийлик болобу же Бабановдун угутчулору болобу паспорт копиянарды алып "шайлоодо паланчага гана добуш бере аласын" деп коркутса же алдаса, коркпогула, ишенбегиле!!!

Шайлоодо силер каалаган талапкерге добуш бере аласынар жана кимге добуш бергенинер белгисиз бойдон калат... Анткени электрондук урна добуш кимге берилгенин гана санайт, ким добуш бергенин санай албайт!

Анан калса бийликтен эмес, Кудайдан гана корккула, добушунарды акчага сатып арам акчага алданбагыла!
Patriot7 түзөттү 2017-09-22 16:29:29
22.09.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Патриот ушу чыныгы патриот да!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: