super.kg logo

Марк Цукерберг Facebook аркылуу шайлоолорго кийлигишкендерге каршы күрөштү баштайт

 

Марк Цукерберг Facebook'тагы баракчасына видеокайрылуу жарыялады. Видеодо өзүнүн командасы менен эс алып жүргөн учурда Америкадагы шайлоолорго башка өлкөлөрдүн кийлигишүүлөрү тууралуу көп ойлонгонун жана буга каршы күрөштү баштай турганын айткан.

"Фейсбуктун максаты - адамдарды жакындатуу жана аларга өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат. Бул демократиялык байлыктар жана биз муну менен сыймыктанабыз. Бул куралдын демократияны бузууга колдонулушун каалабайм", - деген Цукерберг.

Мындан сырткары ал АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго таасир этүүнү каалагандар менен күрөшүүчү атайын топ түзгөн. Алар Америка, Франция жана башка мамлекеттердеги шайлоолорго кийлигише алган деген шек жараткан 1000ден ашык фейк аккаунттарды өчүрүшкөн.

Цукерберг атайын топ мындай кырдаалга каршы туруу үчүн 9 чаранын үстүндө иштей тургандыгын маалымдаган. Алардын эң негизгиси Америкада өткөн шайлоого "Орусиянын кийлигишүүсүн" Америка бийлиги менен биргеликте иликтөө деп билдирген.

"Биз көп нерсени казып, таап чыга алабыз. Эгер тапсак анда ишти АКШнын өкмөтү менен чогуу улантабыз. Азыр чет элдик актёрлорду, орусиялык топтордон тартып постсоветтик өлкөлөрдө түзүлгөн топторду издөө жүрүп жатат", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: