super.kg logo
  Саясат  

Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү: "Чубак Жалилов Ташиев уюштурган жыйынга катышкан, Жээнбеков ага конок катары келген"

 

Бүгүн, 22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерине карата түшкөн арыз кайрылууларды карады. Буга чейин интернетке дин аалымы Чубак Жалилов үгүт иштерине катышты делген видеоматериалдар тарап, социалдык түйүндөрдө талкуу жараткан. Бул боюнча БШКга талапкер Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жана активист Адил Турдукулов тарабынан арыз түшкөн.

Мыйзамда дин өкүлдөрү, дин кызматкерлери, диний уюмдун мүчөлөрү шайлоо иштерине кийлигишүүсүнө болбойт. Дин иштери менен мамлекеттик иштер эки башка болушу керек. Ошондуктан бул жерде мыйзам бузуу бар”, - деди Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков.

Ал эми талапкер Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Чубак Жалилов башка талапкер тарабынан уюштурулган жыйынга барганын, талапкер Жээнбеков тарабынан мыйзам бузуу болбогонун айтты.

“Бул жолугушуу Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айылында Камчыбек Ташиевдин атасынын үйүндө болгон. Жолугушуу талапкер Камчыбек Ташиевдин үгүт кампаниясы тарабынан уюштурулуп, Сооронбай Жээнбеков ал жерге конок катары катышкан. Ошондуктан бул жерде мыйзам бузулса, Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү менен тактооңуздар керек”, - деди Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: