super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Транспортто баратканда жүрөк айланып кыйналасызбы?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Транспортто баратканда көңүл айланып кыйналасызбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ушул нерсенин айынан ар дайым жеңил унаа менен жүргөнгө туура келет, анда да сөзсүз дары ичем. Кээде дары ичип, жеңил унаага түшсөм да кусуп салам. Маршруттук такси менен бир аялдама да бара албайм. Унаага түшкөндөн кийин өзүмдү 4-5 саат начар сезип калам. Эмне кылсам калат деп ойлонуп жүрөм, ушунун айынан көп жерге да бара албай жүрөм".

"Мен да ушундай болчумун, бирок бара-бара азайды. Мага жардам берген ыкмаларды айта кетейин: жолго чыгардан 1 саат мурун тамактаныңыз; ачуу татымалдарын көп колдонуңуз; колуңузга муздак таш же муз кармап алыңыз; ар дайым шамал жерде отуруңуз. Сизге да жардамы тиет деп ойлойм".

"Мындай нерсе баарыбызда бар окшойт. Мен да ошондой болом. Үйгө баргандан кийин сөзсүз башым ооруп жатып калам. Жүрөгүм аябай айланып, бетим бозоруп кетет".

"Маршрут же таксиге айла жок түшөт элем, жетер жериме аз калганда түшүп калып, ары жөө кетчүмүн Атырды көп себингендердин да жанында отура албайм. Жигиттер менен сүйлөшүп жүргөн убактарда да унаасы барлар менен анча мамиле жок болчу".

"Кичинемде унаага түшүп бир аз жүргөндөн кийин эле кусчумун. Дайыма жанымда баштык жүрчү. Бара-бара калды. Кудайга шүгүр, азыр андай деле кыйналбайм. Жолго чыгардын алдында майлуу тамак жебөө керек, көп да тоюп албоо керек, ачкарын чыкса да болбойт. Мүмкүн болушунча жеңилирээк тамак, жашылча жеп алганы жакшы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.09.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага кайра узак жолдо жүргөн жагат эч ким сүйлөбөсө музыканы коюп жолду карап кеткен жагат.Бакылдап сүйлөп мактанып,калп чынды урдургандар мн кетсем точно жүрөгүм айланып кускум келет.Мээңди толтуруп башты шишитип салат го.
24.09.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да ушул койгой.Кандай транспорт болбосун бир аз жургондо эле конулум айланып баштайт.Кичинекейимде 20 муноттук жолго да куспай жете алчу эмесмин.Азыр азайды бирок,дагы деле кээде транспортто аябай кыйналып жетчу жерге аран жетем.Врачка кайрылып коргом.Бул "транспорттун термелуусунон аллергия" деп айткан.Осуп турган жузумдун шагынын суусун,лимонду эзип ичууну кешеш берген.
24.09.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени көбүнчө туздуу курут сактап калчу,азыр жакшы андай нерсе жок.
25.09.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде кудайга шугур эч нерсе болбостон узак жолго чыгып кете берем бензиндин жыты оло жагат..таза транспорт болсо болду..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: