Акыйкатчы үгүт иштеринин жүрүшүндө мыйзам бузгандарды жоопко тартуу боюнча БШКнын төрайымына кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо алдындагы үгүт кампанияларынын жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын талаптары бузулууда. Мындай пикирин акыйкатчы Кубат Оторбаев билдиргенин Акыйкатчы институту маалымдайт.
Маалыматта айтылгандай, акыркы күндөрү КТРК президенттикке талапкерлердин бирин каралаган материалдарды көрсөтүүдө.
"Мындай иш-аракеттер Баш мыйзамдагы 22-берененин 3-бөлүгү - "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарын бузуу болуп саналат. Анын талаптарына ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары же башка ыкмалар менен таратылып жаткан маалыматтар объективдүү, так болуп, талапкерлердин, партиялардын тең укуктуулугун сакташы керек", - деп билдирген ал.
Ошондой эле ал Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун эл алдында сүйлөп жатып талапкерлердин бирине добуш берүүгө чакыруусун туура эмес деп эсептейт.
"Бул аракети менен ал жогоруда аталган мыйзамдын 15-бөлүгүндөгү дин уюмдарынын өкүлдөрү үгүт иштерин жүргүзүүгө, башка маалыматтарды таратууга жана элди ага үгүттөөгө укугу жок деген талаптарын бузган. Дагы бир мыйзам бузуулардын бири - вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин 19-сентябрдагы Баткен облусунун активдери менен жолугушуу учурундагы үгүт сөзү. Мыйзам боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үгүт иштерин жүргүзүүгө жана ага байланыштуу маалыматтарды таратууга тыюу салынган. Муну менен катар эле Зилалиев "Силер Мамлекеттик бюджеттен айлык алып жатасыңар. Суу ичкен кудугуңарга түкүрбөгүлө" деп кайрылган. Анын бул айткандары бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өкмөттүн көзөмөлүндө турган республикалык бюджеттен түздөн-түз көз каранды экендигин эскертүү катары сыпатталат.
Маалым болгондой, өкмөт башчы Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо боюнча республикалык штабдын төрагасы кызматынан бошотту", - дейт Оторбаев
Акыйкатчы бийликтин жогорку бутагында турган чиновниктин мындай мыйзам бузуулары үчүн бул "жаза" жетишсиз деп эсептеп, дисциплинардык катуу жазага тартуу маселесин көтөрүү туура деп билдирет.
Жогоруда саналган мыйзам бузуулар боюнча акыйкатчы Кубат Оторбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н.Шайлдабековага бул фактыны карап чыгууну жана өз кезегинде тиешелүү чараларды көрүп, абалды жөнгө салуу боюнча кайрылган. Ал БШКнын төрайымынан күнөөлүү тараптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жоопко тартуу керек экендигин билдирген.
кошулду

Сени бийликтин адамы деп билемин. Ошондой болсо да адам кааласа жакшы жагына озгорушу мумкун...
Эгер чын эле шайлоонун адилеттуу отушун камсыз кылууну коздосон, анда олко боюнча толтурулуп жаткан форма 2лердин баары жокко чыгарылсын. Анткени бийлик студенттер менен бюджеттен маяна алган бардык кызматкерлерди зордоп форма 2 толтуртуп, аларды шайлоодо басым алдында Сооронбай Жээнбековго добуш бердирукго бар аракетин жумшоодо!!! Бул мыйзамсыз!
Чубак ажы экоо мыйзам алдында жооп беруулору керек, эскертуу менен чектелбей!!!
Ал эми олко боюнча форма 2лер жокко чыгарылбаса, таза шайлоо отпосу анык. Мындай зордук-зомбулук Акаев, Бакиев убагында да болгон эмес....
Ушул кишиге Кыргызстандын алдыдагы беш (5) жылдык келечегин ишенип колдоп жаткан атка минерлерге тан калбай коюуга мумкун эмес! Элестете албайм!
Эл ичинде шайлоого карата жетекчилердин мыйзам бузуулары толтура эле болуп жатат.Аларды да козомолдоп,бир экоону сот жообуна тартып коюшса жакшы болмок.