super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-СЕНТЯБРЬ: Мындан 94 жыл мурун акын Түмөнбай Байзаков төрөлгөн

 

Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бөкөй айылында 1923-жылы 23-сентябрда туулган. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайында окуп жаткан жеринен Грозный шаарындагы аскердик окуу жайына жөнөтүлгөн. Ал жерде согушка катышып, оор жарадар болуп өз жерине кайтып келген.

Кийин айылда мугалим болуп иштеген. Андан соң КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Сузактагы райондук гезитте редактор, Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, кыргыз адабияты боюнча Москвада адабий кеңешчи, "Кыргызмамбас" системинде бир нече кызматтарда иштеген.

Байзаковдун 1946-жылдан баштап ырлары чыга баштаган. Анын "Паризат" аттуу ырлар жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Кийин көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз жана орус тилдеринде, котормолору өзүнчө китеп болуп чыккан. Барпы Алыкуловдун ырларын жыйноодо анын чоң салымы бар.
Александр Фадеев атындагы адабий сыйлыкка ээ болгон. Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, көптөгөн медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Акындын "Паризат" поэма жана ырлар китеби 1968-жылы жарык көргөн. 1969-жылы "Биз жакта" деген аталыштагы ырлар жана поэмалар китеби басылып чыккан. 1970-жылдан 1975-жылдар аралыгында "Кар бетине жаздым кат", "Мезгил чыйыры", "Самай берем" , "Оттуу курак", "Ыр башат" аталышындагы ырлар китеби чыгарылып, окурмандарга сунушталган.
Түмөнбай Байзаков 1993-жылы 70 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
23-сентябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: