ӨКМнын кызматкери Назим Муканбетовдун апасы: "ӨКМ балама берилген батирди кайра алып койду"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинде иштеген балама берилген батирди ӨКМ кайра алып койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталына ӨКМнын кызматкери Назим Муканбетовдун апасы Чолпон Турдахунова билдирди.
"Балам Назим Муканбетов 2012-жылдан бери ӨКМде иштейт. Ар кандай оор кырдаалдарда кыргыз элине кызмат кылып жүрөт. 2017-жылдын 30-июнда ӨКМ кызматкерлерге Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүнүн 1-А дарегинен 162 батир берген. Анын ичинде менин балам да бар эле. Муканбетовго бир бөлмөлүү батир берилсин деген чечим чыгып, жалпы жамааттык жыйында айтылган. Бирок эмнегедир кийинчерээк министрдин орун басары "Назим Муканбетов жаш, бойдок үйдү шашпай алат" деп балама берилчү батирди башка бир кызматкер аялга ооз эки түрдө айтып берип койду", - деп нааразы болду Чолпон Турдахунова.
Маалыматка ылайык, Чолпон Турдахунова буга чейин берилген батирди тартып алгандарга нааразы болуп, президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидерлерине ошондой эле Башкы прокуратурага кат менен кайрылган. Азырынча жооп боло элек.
Назим Муканбетов учурда ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгында иштейт.





1 |