super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыздын 5 балбаны алыш күрөшү боюнча алтын медаль үчүн күч сынашат

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарынын алкагында күрөштүн алыш түрү боюнча Нурзат Бактыяр кызы, Алтынай Мамарасул кызы, Эрланбек Мурзабеков, Эсенбек Кудайбердиев жана Асылбек Калматов финалдык беттеште алтын медаль үчүн күч сынашат.

Нурзат Бактыяр кызы 70 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда түркмөнстандык Саадат Исмурадованы жеңсе, жарым финалда индиялык атаандашын артка калтырган. Ал эми финалдык оюнда түркмөнстандык Рано Узакова менен беттешет.

Алтынай Мамарасул кызы 75 килограмм салмак ченинде өзүнүн индонезиялык жана түркмөнстандык атаандаштарын артка калтырып, финалда ирандык балбан менен алтын үчүн беттешмекчи.

Эрланбек 70 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшсө, Асылбек 100 килограммдан өйдө салмак ченинде күч сынашат. Ал эми Эсенбек 80 килограммга чейинки салмак ченинде түркмөнстандык балбан менен таймашат.

Кыргыз өлкөсү жалпы эсеп боюнча азыркы тапта 14-орунда келе жатат. Курама команданын эсебинде 3 алтын, 11 күмүш жана 21 коло медаль бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.09.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах таалам өзү колдосун,Күч кубат берсин.Ийгилик.
23.09.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул алтындарды женишсе,жалпы эсептен кыйла алдыга жылабыз,алга мекендештер!
23.09.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
23.09.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла силерди колдосун! Баарыңыздарды алтын медаль алып келишиңиздерди тилеп калабыз! Алга!
23.09.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик жениш менен кайткыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: