БШК: "Эртең шайлоого бюллетендерди басып чыгаруу башталат"




Бүгүн, 23-сентябрда "Таза шайлоо" кыймылынын Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы менен жолугушуусу өтүүдө. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого карата даярдык боюнча маалымат берди.
"Президенттикке 13 талапкер катталган. БШК чүчү кулак тартып, алардын тизмесин бекиткен. Эртеңден баштап шайлоо бюллетендери басылат. Аны ишке ашырууга маалымат каражаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылат. Арыздар менен иштөө тартибибиз өзгөргөн. Азыр электрондук реестр иштейт. Ал жерде кабыл алынган арыздар бар. БШКнын расмий сайтында мунун баарын көрүүгө болот", - деди БШКнын төрайымы.
Роза Отунбаева бул шайлоонун саясий маанисине токтолду.
"Биз быйыл кыймыл түздүк. Жарандык коом чарчады окшойт. Мурдагыдай активдүү эмес. Азыр 11-шайлоодон өтүп жатабыз. Азыркы шайлоо өтө күчтүү атаандаштар менен өткөнү жатат. Ушул шайлоо туруктуулукту бекемдеп, өлкөнү туура жолго салып кетиши керек. Биз деле үйдө отурсак жарашмак. Бирок кыргыз элинин келечеги, туруктуулугу өтө керектүү, баалуу нерсе", - деди Отунбаева.
