super.kg logo

Текебаевдин шайлоодон четтетилиши боюнча БШК мүчөлөрү эки башка пикирди карманып тартышты

 

Бүгүн, 23-сентябрда "Таза шайлоо" кыймылы Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын укту. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кыймылдын мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатып депутат Өмүрбек Текебаевдин шайлоодон четтетилиши боюнча айтып берип жатканда, БШК мүчөлөрү анын билдирүүлөрүнө каршы пикирлерди айтты.

Шайлоо кампаниясынын каржылоо эрежелери бар. Шайлоо жарыялангандан баштап бардык чыгымдар шайлоо фондунан берилиши керек. Каржылоо маселеси мыйзам чегинде болушу керек”, - деди Шайлдабекова.

Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева кол топтоо маселесинде каржылоо жагынан талапкерди шайлоодон четтетүү туура эмес болгонун айтты.

“БШК Текебаевдин 30,5 миң топтогон кол тамгасын биринчи жарактуу деп таап, кайра каржылоо маселесине байлап жараксыз деп таап койду. Бул, албетте, туура эмес. Каржылоо маселесине байланыштуу иш кагаздарынын мөөнөтү көрсөтүлбөйт. Текебаев катталып калса кийин деле бул документтерди даярдап берсе болмок”, - деди Журабаева.

БШКнын дагы бир мүчөсү Назарали Арипов: “Шайлоо комиссиясы жөнүндө мыйзам бар. Биз милдетибизди аткарган жокпуз. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берген жокпуз. Укугубузду жакшы пайдаландык. Биз тийиштүү мекемелерге кат жөнөтүп маселеге айкындык киргизсек болот болчу. Бул туура эмес болду”, - деген пикирин айтты.

Айта кетсек, "Таза шайлоо" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, экс-депутаттар Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, юрист Рита Карасартова, коомдук ишмерлер Абдыганы Эркебаев, Динара Ошурахунова жана башкалар кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
23.09.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олдунор го кашанар чыгып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: