super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-СЕНТЯБРЬ: "BOSCH" компаниясын негиздеген германиялык инженер Роберт Бош 156 жыл мурун туулган

 

Өзүнүн либералдык көз карашынан кайтпаган германиялык инженер жана ойлоп табуучу Роберт Бош мындан 156 жыл мурун, 23-сентябрда жарык дүйнөгө келген.

Ал Германиядагы Альбек шаарчасында төрөлгөн. Орто чарбалуу адамдын үй-бүлөсүндө 12 бир туугандын 11-си болуп жарык дүйнөгө келген.

Кийин алар Ульм шаарына көчүп кетип мектепти ошол жактан аяктаган. Мектептен кийин устага жардамчы болуп иштеп жүрүп, 1882-жылы аскерге кабыл алынып, инженердик бөлүктө кызмат өтөйт. Аскерден офицердик наам менен кайтып келген Роберт Бош кийин жогорку техникалык мектептин лекцияларына катышып турган.

1886-жылы 15-ноябрда Германияда негизги өндүрүш жана чыгармачылык борбор болуп эсептелинген Штутгарт шаарында өзүнүн "Так механика жана электр инженериясы боюнча устакана" аталышындагы электр жабдыктарын, автоунаа жабдыктарын жана өндүрүш жабдыктарын чыгара турган ишканасын негиздейт. Алгач көп кыйынчылык тартып акча маселесинен кыйналганы менен, 1940-жылдары Европадагы негизги ишкерлердин бири болуп чыга келген.

Ошол эле учурда саясатта да активдүү болуп, күчөп турган фашисттик түзүлүшкө каршылык көрсөтүп өзүнүн либералдык көз карашын жашырган эмес. Андан сырткары Биринчи дүйнөлүк согуштун запкысы тарабай фашисттик империянын муштумунда мыжылып турган немистерге кайрымдуулук кылып миллиондогон акчаларды таратып турган.

1887-жылы Анна Кайзер аттуу аялга үйлөнүп андан Маргарита аттуу кыздуу жана Роберт аттуу уулдуу болгон.

Ал 1942-жылы 12-мартта ал убакта империя аталып калган Германиянын Штутгарт шаарында 80 жашында каза болгон.

Өзү каза болгон менен Роберт Бош негиздеген алгачкы "Так механика жана электр инженериясы боюнча устакана" анын көзү өткөндөн кийин "BOSCH-Так механика жана электр инженериясы боюнча устакана" деп аталышы өзгөртүлгөн компания дагы деле электр жабдуулары боюнча дүйнөдө лидерлик кылып келет.

23-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.09.2017. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альбек кыргызчага окшоп кетет экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: