Бишкекте башка улуттагы жигит менен бараткан кызды чаап жиберген адамга кылмыш иши козголду. Ал чет өлкөнүн жараны экендиги белгилүү болду



Бишкекте башка улуттагы жигит менен бараткан кызды чаап жиберген кыргыз балага 234-бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 24-сентябрда ИИМдин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаев кабарлады.
Ал эми кызды чаап жиберген жигит чет өлкөнүн жараны экендиги белгилүү болду. "Ал бала Кыргыздын да, Орусиянын да жараны эмес, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны болуп чыкты. Кайсы өлкөнүн жараны экендиги кийин айтылат. Бирок ал көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жашап келген", - деди Осмонбаев.
Айта кетсек, буга чейин Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында 1988-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран 1989-жылы туулган кызды "башка улуттагы жигит менен жүрөсүң" деп бетке чаап жибергени боюнча видео интернетке тараган. Маалым болгондой, окуя 11-сентябрда болгон. Видеодо бир жигит менен бир канча аялдын урушуп жатканын көрүүгө болот. Жигит "Кыргыз кыздар башка улуттун балдары менен жүрбөш керек" десе, аялдардын "өзү билет ким менен жүрүштү, сен аны эмнеге урасың" дегени угулат.
Кыргыз кызын оогандык менен жүргөнү үчүн чаап салды

-Аа, демек, уй иштери менен алек зкесиз да
-Тушундум,балдарыныз менен алек болот экесиз ээ?
-Балдардын 2 бала багуучусу бар.
-Анда куйоонузго конул буруп жакшы карайт турбайяызбы?
Эмнеге,куйоом мага конул бурсун.
Эрксизден кулдум. Биздики менен салыштырсан асман менен жердей.Баланды тарбияла,акча тап,кайын журтуна кызмат кыл,уй тирилчигинди тын кыл,алыс жакын туугандар менен катташ,куйоон башкага кетип калбаш учун ага жагуунун жолун изде.Айтор баарына жетиш.Негедир уй булону
Аны кандай куч менен сактап калганын бир озу бир Кудай билет.Мени
Мээрим
Кочуруп буткончо канча деген аялдын да эркектин да жумушун бутурдум улам жазып улам оокатка жугуруп.Чын эле аялзатын туйшугу эркектерге караганда кобурок.