super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Стритбол боюнча Кыргыз курама командасы финалга өтүү үчүн Ирак менен беттешет

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында стритбол боюнча Кыргыз курама командасы жарым финалга өттү.

Стритбол боюнча Кыргыз курама командасы тайпалык баскычта Монголияга 13:22 эсебинде жеңилип, Непал курамасын 19:15 жана Өзбекстан курамасын 21:18 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда Кыргыз спортчулар Таиланд курамасына туш келген. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 13:12 эсебинде жеңишке жеткен.

Маалымдама: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана аянт эки эсеге кичинекей (баскетбол аянтынын жарымы).

Эми финалга өтүү үчүн беттеште Кыргыз курамасы Ирак командасы менен ойнойт. Бул беттештин жеңүүчүсү финалга өтсө, жеңилген команда коло медалдар үчүн күч сынашат.

Учурда Азия оюндарында Кыргыз өлкөсү 41 медаль менен 10-орунда келе жатат. Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 6 алтын, 13 күмүш жана 22 коло медалдар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
24.09.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо 27-сентябрда оюн аяктаса,дагы алдыда канча спорттун туру боюнча мелдеше турган спортчуларыбыз калды?
24.09.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ститбол деген эмне деген спрот туру?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: