super.kg logo
  Саясат  

БШКнын төрайымы менен мүчөсү кайым айтышты

 

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов менен комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кайым айтышты.

Назарали Арипов Нуржан Шайлдабековага: “Сиз айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына БШКнын кээ бир мүчөлөрү бир талапкерди колдоп жатат деп маек бериптирсиз. БШК көз карандысыз мамлекеттик органбыз. Менин биринчи максатым мыйзамды коргоо. Чоң мамлекеттик кызматта иштеп мындай сөз айтканыңыз туура эмес”, - деди.

Нуржан Шайлдабекова президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президенти менен жолукканын талкуулоо отурумунда айрым БШК мүчөлөрүнүн залдан чыгып кетиши ошондой ой жаратканын айтты.

Арипов Шайлдабековадан алар кимдин талапкерлигин колдогонун далилдеп берүүнү талап кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: