super.kg logo

Окумуштуулардан ачылыш: "Байыркы бакалар анча чоң эмес динозаврларды жутуп коё алышкан"

 

Амфибиялар классына кирген гигант баканын түрү мындан 70 миллион жыл мурда жашагандыгын окумуштуулар изилдеп чыгышты. Мындай маалыматты алар чет элдик басылмалардын бирине билдиришкен.

Маалыматта айтылгандай, байыркы бакалар абдан күчтүү жаакка ээ болушкан дагы, анча чоң эмес динозаврларды жутуп коюшкан.

"Beelzebufo ampinga — качандыр бир мезгилде жер жүзүн байырлаган чоң бакалар. Болжол менен мындан 65-70 миллион жыл мурун Мадагаскар аймагында жашашкан. Алар чоң болушса дагы азыркы эле мүйүздүү бакалардыкындай түзүлүшкө ээ болушкан. Ошол себептен окумуштууларга байыркы бакаларды изилдөө оңоюраак болгон", - деп жазылат маалыматта.

Мүйүздүү бакалар чоң ооздору менен айырмаланышат. Окумуштуулар алардын оозунун ачылышына карап, жаактын карыштыруусунун күчүн өлчөп чыгышкан. Алар бакалардын жаагынын күчүн өлчөгөн атайын датчиктерди колдонушкан.



Эксперимент учурунда башынын диаметри 4,6 сантиметрди түзгөн мүйүздүү бака нерсени тиштегенде анын жаагынын күчү 30 ньютонго барабар болгон. Мындай күч менен бакалардын бул түрү жабышкаак тили менен кармап алган олжосун коё бербей тиштеп тура алат. Окумуштуулардын айтымы боюнча, мүйүздүү бакалар башка бакалардан айырмаланып күчтүү жаакка ээ келишип, өзүнүн көлөмүндөгү жылан, кемирүүчүлөр сыяктуу жандыктар менен тамактана алышат.

Ошентип окумуштуулар жаактын күчүн ченөө менен бирге байыркы бакалардын көлөмдөрүн аныктоого мүмкүндүк алышкан. Мындан улам алар көлөмүнө жараша өз заманында анча чоң эмес динозаврларды да жутуп коюшары мүмкүн болгон деген жыйынтыкка келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
24.09.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жалган, эчкандай факт жок, болгону бир бака кескелдрикти жутуп жатканын эле жүктөп коюшуптур).
24.09.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушудан коро пайдалуурак нерсени измлдешпейби деймда.
24.09.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кемчонтойлор,аферисттер.Ушундай алдамчылыгы үчүн айлык алып иштеп жүрүшөт.
24.09.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээки коз алдыда болуп откон торнадонун анык себебин биле албай отуруп, мындан 70 милён жыл мурункуну оздору коргондой кылып айтып беришет го ))
24.09.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
милён эмес,миллион болот
Syn4y түзөттү 2017-09-24 20:01:40
24.09.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syn4y, каймана болчу
24.09.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
no.comment,о өзүң бол
25.09.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syn4y, сынчынын отугу майрык болду да
25.09.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syn4y,"каймана " деген созду тушунбой калдын
24.09.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болбогон нерсе ишенбейм.
24.09.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калп эле жазып койсо окшошо берет экен да окумуштууларга
24.09.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Миллион жыл десе эч ким изилдеп отурбайт да.Ошого адамдар ишене берет десе керек.
24.09.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол кезде дуйнону кыргыздар башкарып турган экен
24.09.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба ошол кезде бакалардын башын алып, терисинен тон кийген да кыргыздар эле...
24.09.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайсыл окумуштуунун тушуно кирди экен 70 миллион жылкы бакалар (((
24.09.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Бакада Кыргызстандан болот экен, деп чыгышат эми бул аферисттер).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: