super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: 3 Кыргыз спортчу самбо боюнча финалга чыгышты, алар алтын медаль үчүн күч сынашат

 

Бүгүн, 24-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз самбочулар финалга чыгышты. Эми алар алтын медалдарды жеңгенге аракет көрөт.

Данияр Алымжанов 100 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, чейрек финалда монголиялык балбанды жеңип, жарым финалда түркмөнстандык Бабажан Иввадулаевди жеңип финалга өткөн. Эми финалда Кыргыз спортчу түркмөнстандык Карымурат Аннатурбановго туш келет.

Бекназар Раимкул уулу 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште индонезиялык Жефри Топанды 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалда түркмөнстандык Сатлык Карыевди да жеңген. Эми финалда Раимкул уулу казакстандык Ассылбек Смаилов менен күрөшөт.

Айткүл Абдылдабек кызы 48 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып жарым финалда казакстандык Жадыра Пайызга туш келип 6:0 эсебинде жеңип алган. Эми финалда Кыргыз самбочу казакстандык Айжан Жылкыбаева менен кез келет.

Ошондой эле Кыргыз самбочулар коло медалдар үчүн күч сынашат. Алар: Салмоорбек Маматемин уулу, Турарбек Жолдоказиев, Элдос Масиев, Улукбек Мамытов жана Тилек Аманкулов.

Учурда Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 41 медаль бар, анын ичинен 6 алтын, 13 күмүш жана 22 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 10-орунду ээлеп келүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.09.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер.кж, тиги таблицаңар мобилный телефондо маайда болуп жакшы көрүнбөйтко, чоңураак кылып жүктөгүлөчү.
25.09.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FIFA17,ошону басып турсаң, просмотр деген чыгат анан чоңойтуп көрүүгө болот! Супер.кж ге чоң рахмат! Ушул таблицаны дайыма жаңылап турат деп ишенем!
25.09.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FIFA17, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: