super.kg logo
  Саясат  

Алтындын кору 50 тоннадан жогору болгон кендерден өнүктүрүү фонддоруна түшкөн каражаттын жарымын облус аймагын өнүктүрүүгө жумшоо сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 27-майдагы жыйынында "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

 

Мыйзам демилгечилеринин айтымында, алтын кендерин иштетүүдө табылган пайданын 2 пайызын кен жайгашкан аймакта калтыруу максатында жергиликтүү өнүктүрүү фонддорду түзүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок топтолгон фонддогу каражаттарды бөлүштүрүү механизми жок болгондуктан, ал мыйзам иштебей жатат.Ошондон улам алтындын кору 50 тоннадан жогору болгон кендерден түшкөн 2 пайыз каражаттын 50 пайызын облустук фонд аркылуу жалпы облус аймагын өнүктүрүү багытында бөлүү сунушталып жатат. Ал эми калган 50 пайыз каражат кен жайгашкан аймактын өзүндө калтырылат. Ал үчүн бир катар мыйзамдарга түзөтүү киргизүү милдети турат.

 

Каржы министри Ольга Лаврова фонд каражатынын мындай бөлүштүрүлүшүнө каршы эмес экенин, бирок ал бюджет каражаты катары мамлекеттик казына аркылуу өтүшү керектигин айтты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: