super.kg logo

Муфтият: "Чубак Жалилов талапкер Жээнбековго үгүттөө менен мыйзам бузган жок"

 

Муфтият президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөө менен диний аалым Чубак Жалилов мыйзам бузган жок деп эсептейт. Бул тууралуу муфтияттын 24-сентябрда БШКга жиберген катында айтылат.

Муфтияттын Аалымдар кеӊешинин мүчөлөрү Аалымдар кеӊешинин атынан сүйлөөгө, расмий билдирүү жасоого укуксуз экени маалымдалат. Жалилов талапкер Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда Аалымдар кеӊешинин мүчөсү катары эмес, Кыргыз Республикасынын жараны катары сүйлөгөнүн, өлкө жараны шайлоолордо кайсы бир талапкерди колдоп үгүт жүргүзүүгө укуктуу экенин, Чубак Жалилов ошол укугун пайдаланганын билдирет муфтият.

"Уставга ылайык, муфтияттын кызматкерлерин муфтий дайындайт. Чубак Жалилов муфтияттын штаттык бирдигине кирбейт, ал муфтий тарабынан кызматка дайындалган эмес. Аны менен эмгек келишими түзүлгөн эмес жана муфтияттан айлык албайт. Демек, Чубак Жалилов муфтияттын кызматкери болуп эсептелбейт", - деп белгиленет кайрылууда.

Эскерте кетсек, Чубак Жалилов 20-сентябрда Жалал-Абадда талапкер Жээнбековдун эл менен жолугушуусуна катышып, чогулгандарды аталган талапкерди колдоого үндөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
24.09.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чынын айтыш керек муфтиятдагын Аллага караганда бийликтен жана президентен кобууроок коркушат.Анткени кече жакында эле Ажобуз аракты аз олчомдо ичсе болот Куранда жазылган деп айтса муфтият унчуккан жок.Ал эми Чубак Ажы Бабановту мактап угуттогондо анда муфтият Чубак Ажы угут ишин алып баратат деп Чубак Ажыга эскертуу берет эле.Бул деген кош стандарт системасы.
24.09.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асылбаганынар ушул Чубак ажы калды эле. Бул киши динди жеткирип канчалаган адамдардын туура жол тутуусуна себепчи болуп жатат. Айта берсе сөз көп. Кыскасы алысыраак ойногулачы.
24.09.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Муфтияттын ишкердуулугу бийликтен коз каранды экенин билебиз. Бирок Чубак ажынын муфтиятта расмий турдо иштебегенин да билебиз.
24.09.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эхх Бийлик мынча эки дүздүү,мынча начарлагансынар...караны ак десенер ак болуп калды чекке деттинер...Чубак аажыны аралаштырбай еле койбопсунар
shankol88 түзөттү 2017-09-24 18:45:09
24.09.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чубак ажы десе эле аюну көргөндөй чочуйсуңар да,үгүттөсө үгүттөгөндүр.Катын алганда анан өлгөндө пайдаланбай молдокелерди анча мынча шайлоодо да пайдаланса болот.Негизи баарыбыз бирдей адамбыз го акыры.
24.09.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Супер инфо жон эле бан кыла бербейт!
24.09.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтты Муфтий! Чубак ажыда туура кылды! Эми динди коро албай сотко бергендер не айтасынар? Озунор эле уят болдунар!Коп динге асылбагыла!Чубак ажы эмес динге асылып атасынар билсенер!Адамдар аны тушунбой атышат!Эзелтеден эле динге асылып пайгамбарыбыз с.а.в ды да коро албай ар нерсе кылган.Бирок алардын баары олду жок акырети туболук тозок болду!Эми ошолор сыяктуу адамдар да динге асылып атат Чубак ажыны шылтоо кылып эгер тушунсонор!Динден эки дуйно пайда аласынар ал эми Тенирчиден пайда жок
25.09.2017. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муфтиятта ХХХХ отурабы, айткылачы?! Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын 22 беренесинин 15 пунктунда "ДИН ОКУЛУ угут иштерине катыша албайт" деп так даана жазылып турат... Чубак ажы муфтият кызматкери болбосо да, аалымдар кенеши мучосу, ошондо кантип дин окулу эмес?!! Чубак ажы элге телеканал, радио, интернет аркылуу кайрылып диний масала айтып отурса, кантип дин окулу эмес?! Чубак ажы дин окулу эмес деп жанын жегендер, "Кудай жок" дегендей кеп го, калп болсо айт!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-25 09:20:50
25.09.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubat.karagulov, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: