super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз самбочулар 1 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алышты

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында самбочу Айткүл Абдылдабек кызы күмүш медалын жеңип алды.

Айткүл Абдылдабек кызы 48 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып жарым финалда казакстандык Жадыра Пайызга туш келип 6:0 эсебинде жеңип алган. Финалда Кыргыз самбочу казакстандык Айжан Жылкыбаева менен кез келип 3:0 эсебинде жеңилип калды. Бул жыйынтык менен Айткүл Абдылдабек кызы күмүш медалын тагынып, Кыргыз капчыгына 14-күмүш медалды алып келди.

Тилек Аманкулов 52 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште казакстандык балбанга жеңилип калган. Биринчи көңүл жубатуучу беттеште таиланддык спортчунун үстүнөн жеңишке жеткен. Коло медаль үчүн күрөштө Тилек Аманкулов өзбекстандык Саттор Эргашевге туш келген. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз самбочу 7:1 эсеби менен жеңип коло медалга ээ болду.

Муну менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында жалпы 43 медаль болду, анын ичинен 6 алтын 14 күмүш жана 23 коло медаль. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 10-орунда жайгашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.09.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: