super.kg logo

Окумуштуулар: "Уйкудан калуу - депрессиядан чыгарат"

 

Изилдөөчүлөр уйкуну кандыра уктабоо ден соолукка пайда алып келерин айтып чыгышты. Уйкунун жетишсиздиги депрессия менен күрөшүүгө жардам берет дешет америкалык окумуштуулар. Мындай маалыматты алар АКШда клиникалык психотерапия боюнча атайын журналга жарыялашкан.

Муну изилдөө үчүн изилдөөчүлөр 66 экспериментти 1974-жылдан баштап, 2016-жылга чейин жүргүзүшкөн. Мындан улам уйкунун жетишсиздиги депрессиядан чыгууга жардам берет деген жыйынтыкка келишкен. Башкача айтканда, адам депрессияга кабылганда уйкуну аз уктап, маал маалы менен уйкунун режимин бузуп турса депрессиядан жеңилдеп калат дешет.

Белгилей кетсек, буга чейин америкалык дарыгерлер уйку режиминин бузулушу же уйкуну кандыра уктабоо кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган адамдарды инсультка жеткирип, өлүмгө эрте алып келет деген жыйынтыкка келишкен. Мындай дарттар менен жабыркаган адамдар 6 сааттан кем эмес уктоолору керек экенин врачтар эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.09.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окумуштуулар ар нерсени суйлой беришет . Себеби под заказ иштешет .. адамдарды алдаштын ар кандай варианттарын ойлоп таап турушат
25.09.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Депрессиядагы адам озу деле уктабаса керек ой басып...
25.09.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тескериси го, уйкудан калсан депрессияга мойнунан батып кетесин башын ооруп, денен оорлошуп, журогун сыгылып. Окшошподу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: