Жабык имараттагы Азия оюндары: Кикбоксчу Алексей Федосеев финалга өтүп алтын медаль үчүн күч сынайт



Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз кикбоксчу Алексей Федосеев атаандашын жеңип финалга өтүп алтын медаль үчүн күч сынайт.
Алексей Федосеев 63 килограммга чейинки салмак ченинде катышып алгач кытайлык мушкерди жеңип, жарым финалда ирандык балбанга туш келген. Кыргыз спортчу калыстардын чечими менен жеңип, финалга жолдомо алды. Эми финалда Алексей Федосеев түркмөнстандык Мухамет Алтыбаев менен беттешет.
Учурда Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 48 медаль бар. Алардын ичинен 7 алтын, 15 күмүш жана 26 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 11-орунда жайгашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.