super.kg logo

Сотто Аида Салянова: "Урматтуу сот, буйрукту аткарып жатсаңыз байкатпаганга аракет кылбайсызбы?"

 

Сот Кубанычбек Касымбеков депутат Аида Салянованын сотунда анын жарыш сөзгө чыккан коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын жарыш сөзүн алгач токтотуп салды. Сот жактоочу ишке тиешеси жок сүйлөп жатканынан ушундай чечимге келгенин айтты. "Ишке тиешелүү эмес сөздөрдү сүйлөп жатасыз. Мен сиздин жарыш сөзүңүздү токтотууга укугум бар. Эми жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзгө чыксын", - деди сот.

Буга депутат Салянова нааразы болуп, залда ызы-чуу чыкты. "Жактоочу жарыш сөздө ишке тиешелүү сүйлөбөй эмнени сүйлөп жатат? Башка нерселерди айтып жатса көрсөтүп бериңиз. Ал айыптоочу корутундуларга токтолуп жатат. Анын айткандары баары мааниге ээ болуп жатат. Урматтуу сот, буйрукту аткарып жатсаңыз байкатпаганга аракет кылбайсызбы? Сиздин азыркы аракетиңиз эртең эмне чечим чыгарынан кабар берип жатпайбы", - деди Салянова.

Соттун чечимин прокурорлор да колдоого алышты. Андан кийин сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип чыгып коомдук жактоочунун жарыш сөзү токтулганын айтып, жактоочу Жакупбекованы жарыш сөзгө чыгууну талап кылды. Бирок жактоочулардын нааразычылыгын эске алып кайра Сыдыковага сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди.






Сот Салянованын жактоочусунун сөзүн бөлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.09.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Аида Салянова сотун ойлой берип сыгылып бүттү окшойт
25.09.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен байкатпай аткарчумун десен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: