Кийинки аптада Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга барышы мүмкүн
Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга иш сапары 5-6-октябрь күндөрүнө пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди.
Анын айтымында, иш сапар алкагында Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугат. Анда эки тараптуу кызматташуу жана чек ара маселелери талкууланмакчы.
Эске салсак, Шавкат Мирзийоев 5-сентябрда Кыргыз жергесине мамлекеттик иш сапары менен келген. Ал эми Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга 2016-жылдын декабрында иш сапары менен барган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

