Ошто социалдык колдоого муктаж 800 окуучуга мектеп лагери уюштурулат
Ош шаардык мэриясы менен Шаардык билим берүү башкармалыгы биргеликте жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы мектеп лагерин уюштурат. Лагерде ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооган согушунун ардагерлеринин балдары да эс ала алышат.
Автор: Автандил Добулбеков
"Лагерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 2-класстан 7-класска чейинки окуучулары эс алышат",- дейт Шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Салтанат Жудошева.
Айтымында, анда окуучулар үчүн ар кандай ийримдер, спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар жана Ош шаарына экскурсияга чыгуу уюштурулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

