super.kg logo
  Спорт  

Мьянма менен боло турган оюнга Александр Крестинин Кыргыз өлкөсүнүн курамына 23 футболчуну чакырды

 

Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Кыргыз өлкөсү конокто Мьянма менен кез келет. Бул беттеште башкы машыктыруучу Александр Крестинин 23 футболчуну улуттук курамга чакырды. Футболчулар 1-октябрдан тарта машыгуулардан өтүшөт. Оюн Янгон шаарында 10-октябрда өтөт. Бул беттеш 5-сентябрда болбой калган оюнга жооптук оюн болмокчу.

Эске салсак, Кыргыз-Мьянма беттеши 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөк. Оюндун токтотулганы тууралуу 4-сентябрда маалымат жыйында белгилүү болгон. Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген пикир менен кабыл алган. Беттештин токтотулганынын себеби оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүрүлгөн.

Улуттук команданын курамы:

Дарбазачылар:

Павел Матяш (клубу жок),

Валерий Кашуба ("Дордой"),

Макси Зинченко ("Дордой").

Коргоочулар:

Азамат Байматов ("Сохар" Оман);

Тамирлан Козубаев ("Дордой");

Авазбек Откеев ("Дордой");

Ильяз Алимов ("Алай");

Валерий Кичин ("Енисей", Орусия);

Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия);

Владимир Казакбаев ("Абдыш-Ата")

Аскарбек Салиев ("Алга")

Жарым коргоочулар:

Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата");

Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан);

Эдгар Бернхардт ("Сталь Мелец", Польша);

Павел Сидоренко ("Дордой");

Азиз Сыдыков ("Дордой");

Ислам Шамшиев ("Дордой");

Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой");

Бекжан Сагынбаев ("Дордой");

Муролимжон Ахмедов ("Алай");

Антон Землянухин (клубу жок).

Чабуулчулар:

Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия);

Мирлан Мурзаев ("Серик Беледиеспор", Түркия).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.09.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы курам болуптур алга ак шумкарлар!Алга Кыргызстаным
25.09.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мьянмадан техникалык поражения алдыкпы болбой калган оюн учун?
25.09.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janjigit,алган жокпуз,ал группадагы 3-турдагы оюн эле,бул оюн 4-тур. Ошондо 3-турдагы оюн перенесен деп откорулуш кк
25.09.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан алга
25.09.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапаш исаков неге откозгонго отказ берди 5чи сентябрда,УКМКаны мактай берет го тигрнче моунча террор кармады деп ошолор бар милициялар бар солдаттар бар откозсо болот эле эми качан болот белгисиз
26.09.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Одилжан Абдурахмановду да чакырса болмок... Аракети бар оюнчу.
26.09.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комерсанттарды топтоп алыптыр мурдагыдай эле! Жаштарды да чакыргыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: