super.kg logo

Сот Салянованын кылмыш иши боюнча материалдарды кайра тергөөгө жиберүү өтүнүчүн четке какты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын кылмыш иши боюнча соту өтүп жатат. Отурум учурунда депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова иштин материалын кайрадан тергөөгө жиберүү өтүнүчүн келтирди. Анын билдиришинче, иш материалда келтирилген айыптоолор далилсиз.

Залда отурган мамлекеттик айыптоочулар жактоочунун өтүнүчүнө каршы болушту. Алардын пикиринде, ишти кайра тергөөгө жиберүүгө негиз жок. Сот тараптардын пикирин угуп жактоочулардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Соттук отурум иш убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу 27-сентябрда улантыла турган болду.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Бүгүнкү күн тартибинде жарыш сөзгө чыгуу пландалган.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: