super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт жооп берет: Бала бакчада күзөт кызматкеринин айлыгына, канцелярдык буюмдар, килем алганга деп акча чогултуу мыйзамдуубу?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Бишкек шаарынын тургуну калтырган суроо: "Баламды мамлекеттик бала бакчага берем. Айына миң сом төлөйбүз. Бирок айдын башында канцелярдык буюмдарга, килем, күзөт кызматкеринин айлыгына акча жыйналат. Былтыр ата-энелер актап-сырдап тазалап келишкен. Мындай иштерди жасаганга кызматкер же каражат каралбайбы?

Бир группада 60-80 бала бар. Эки тарбиячы мөөнөт менен иштейт. Директор экиден эле тарбиячыга орун беришкен дейт. Алар жетишпейт да. Балдардын группадагы санына чектөө барбы? Бишкектеги бала бакчалардын чыгымдарына акча бөлүнөбү?

Жооп: "Директор акча чогултпашы керек. Кандайдыр бир факты болсо аты-жөнүн көрсөтүп арыз жазса биз чара көрөбүз. Бакчада бардык иштегендерге айлык төлөнөт. Андан тышкары чогултулган каражаттар мыйзамсыз. Бизге кайрылгандар болот, чара көрүү үчүн иликтеп баштаганда арызынан баш тартып коюшат. Директорго жөн эле күнөө коё албайбыз, далил болушу керек. Бир директорду кызматтан алганы жатканбыз. Кийин баланын апасы байланышып "мен арызданган эмесмин, иним кайрылыптыр. Жаңылыштык кетти" деди.

Бишкек шаарындагы райондор боюнча мектеп жашына чейинки 22 115 бала бар деп жазылган. План боюнча биз бала бакчага 13 835 баланы ала алабыз. Бирок азыркы күндө бала бакчага 31 миңден ашуун бала барат. Бир группада бир тарбиячы жана анын жардамчысы болот.

Шаарда бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп ишке берилип жатат. Ата-энелердин оңдоп-түзөө иштерине катышканы нормалдуу көрүнүш. Мамлекет жыл сайын 84 бала бакчаны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бере албайт. Шаардык бюджет канализация, жылуулук системин оңдоо иштерин каржылайт. Имарат ичин актап-сырдоону бакча кызматкерлери ата-энелер менен биргеликте жасашат. Бакчаларга жардам бербесе да болбойт. Көпчүлүк имараттардын курулганына 50-60 жыл болду. Баарын толук камсыздоо кыйын. Мында ата-энелердин колдоосу керек. Дал ушундай эле көрүнүш мектептерде болушу мүмкүн.

Суроого Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.09.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоолук жооп бербептир. Эптеп сөздү башка жакка буруп коюптур. Кароолчусуна деп айына 50 сомдон алат. Бала бакчада мен билгенимден кеминде 12 тайпа бар. Ар бир тайпада кеминде 50 бала бар. Ошондо орто эсеп менен 600 бала. Эми эсептеп көргүлө.
600х50=30 000.
Бирок кароолчу мындай маяна алышына ишенбейм. (Ош шаары)
09.10.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bars111, Бишкекте деле ошол экен.
Териштирген киши жок.
27.09.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура бизде школдо 950 бар*20сомдон айына=19000сом бирок охранага 4500 айлык толонот..Аны муну питание праздник бир нерсеге кармап аягы 2500 уйуно келет экен ошол туура эмес да 2 охранага 9000 кетсе 10000 кимге кетет ай сайын???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: