super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова жана Алексей Федосеев финалда жеңилүү ызасын тартып күмүш медалдарын тагынышты

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулары күрөш жана кикбокс боюнча күмүш медалдарына ээ болушту.

Балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. Алгачкы беттешинде япониялык Акие Ханайды жеңип, жарым финалда вьетнамдык балбанга туш келип 36 секунддун ичинде жеңишке жеткен. Мындан соң финалдык баскычта кытайлык Пей Сингру менен күрөшүп 1:4 эсебинде жеңилип калды. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова күмүш медалын тагынды.

Мушкер Алексей Федосеев кикбокс боюнча 63 килограммга чейинки салмак ченинде катышып алгач кытайлык мушкердин үстүнөн жеңишке жеткен. Жарым финалда ирандык балбанга туш келип калыстардын чечими менен жеңип, финалга жолдомо алган. Финалда Алексей Федосеев түркмөнстандык Мухамет Алтыбаев менен кез келип 1:2 эсебинде жеңилип калды.

Учурда Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 59 медаль бар. Алардын ичинен 8 алтын, 18 күмүш жана 33 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 10-орунда келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.09.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айсулуу азаматсыз
Эми турмушка чыгып бала тарбиялап үйдө олтуруп чыныгы бакытка жет
26.09.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумушко да кудайга шугур,куру кайткандар коро
26.09.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде да акча болсо керек. судьяларга акча бербесе 1-местаны бериши кыйын окшойт. Оз кучу менен жетишип келе жатат да ушу кыз.
26.09.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айсулуу Качан турмушка чыгып бизди суйунтосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: