Парламент комитети Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Маселе кайра жабык эшик артында каралды
Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде жабык эшик артында Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Жыйындын күн тартибине 9 маселе коюлган. Анда “Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 8-маселе болуп турган. КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков бул долбоорду биринчи коюп, журналисттердин катышуусуз кароону сунуштаган. Бул сунуш комитетте колдоого ээ болуп, маселе жабык эшик артында каралган.
Долбоор каралып бүткөн соң аталган комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев SUPER.KG порталына мыйзам долбоор 2-окууда жактырылганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:53
2025-11-11
15:30
2025-11-11
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт.Адамдар жерибизди сатып жиберди деп айтып жаьышат.Эгерде кыргыз жеринин кыпындай болугун саткан болсонор мекенге зар болуп калгыла!Туулган жердин тузу,суусу урсун силерди.
Парламент комитети караган эмне болгон "мыйзам долбоору"? Кандай чечим?Эл билиши керек го.Суранамын Суперчилер суроолорго жооп алып бергенге аракет кылгылачы.