super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Бильярдчы Ызатбек Ратбеков финалга өттү. Эми алтын медаль үчүн күч сынайт

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз бильярдчысы Ызатбек Ратбеков финалга өттү. Эми ал алтын медаль жеңгенге аракет көрөт.

Ызатбек Ратбеков бильярддын "орус пирамида" түрү боюнча катышып жарым чейрек финалда казакстандык Алихан Каранеевди 5:2 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык баскычта түркмөнстандык Аннамамед Аннамамедовду 5:2 эсебинде жеңип жарым финалга өткөн. Жарым финалда Ратбеков түркмөнстандык Ибабекир Бекдурдыевдин үстүнөн 5:2 эсебинде жеңишке жеткен. Эми финалда Кыргыз спортчунун атаандашы казакстандык Алибек Омаров болот.

Бильярд боюнча мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышып жатат. Дастан Лепшаков, Арсен Каленбаев жана Каныбек Сагынбаев өз беттештеринде жеңилип калса, Канат Сыдыков коло медалын жеңип алган.

Учурда Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 59 медаль бар, жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 10-орунда келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: