super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президенттик аппараттын өкүлү: "Кыргызда инвестор тартуу мүмкүнчүлүгү жогору"

 

Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.

Президенттик аппараттын Каржы-экономикалык анализ бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова: "Уюмга кирүүгө экономикалык муктаждык, мигранттардын маселеси жана башка маанилүү жагдайлар түрттү. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду 500 миллион доллар уставдык капиталы менен узак мөөнөттүү долбоорлорду каржылоо максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө фонд 240 миллион долларлык долбоорду жактырды. Бизде мунайды кайра иштетүү, тигүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Өлкө жарандарынын 60 пайыздан ашыгы айылдарда жашайт, демек, айыл чарба тармагы артыкчылык берилген тармак болуп эсептелет. Кыргыз мамлекетинде инвестор тартуу потенциалы жогору. Жыйынтыктап айтканда, уюмга киргенибиз туура болгон. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду иштейт. Ал эми мигранттар маселеси абдан маанилүү жагдай", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: